БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчилигине Алмазбек Усенов келди. Тийиштүү Жарлыкка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-августта кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Усенов премьер-министр болуп дайындалган Сапар Исаковдун ордуна келди. Буга чейин ал президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн башкарып турган.