БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан террордук топтун эки мүчөсү жок кылынды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, жок кылынган адамдар буга чейин издөөгө алынган.
![Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан террордук топтун эки мүчөсү жок кылынды Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан террордук топтун эки мүчөсү жок кылынды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103493/13/1034931344_222:0:922:440_600x0_80_0_0_36d13393c3082884b01ff8baf8726a9c.jpg)
![Жок кылынган адамдар буга чейин издөөгө алынган. Жок кылынган адамдар буга чейин издөөгө алынган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103493/13/1034931350_0:65:1080:744_600x0_80_0_0_38d2de94fc930f2e19af4535c4dd9bd0.jpg)
![Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103493/13/1034931356_0:12:1080:691_600x0_80_0_0_f42f25b1a109be7bbae2d733217d83fa.jpg)
![Ушундай эле операция дүйшөмбү күнү Бишкектеги спорт ордосунда болгон. Ушундай эле операция дүйшөмбү күнү Бишкектеги спорт ордосунда болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103493/13/1034931362_0:0:1079:678_600x0_80_0_0_085072ddc0550c8f6309c73bea45fe64.jpg)
![УКМК анда кимдер кармалып-кармалбаганы тууралуу толук маалымат берген эмес. УКМК анда кимдер кармалып-кармалбаганы тууралуу толук маалымат берген эмес. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103493/13/1034931368_0:8:1079:687_600x0_80_0_0_827ae54bfb8b6a57e0459d9201700cad.jpg)
![Атышуунун жыйынтыгында эки кылмышкер жок кылынып, дагы бири жаракат алган. Учурда ал ооруканага жаткырылды. Атышуунун жыйынтыгында эки кылмышкер жок кылынып, дагы бири жаракат алган. Учурда ал ооруканага жаткырылды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103493/13/1034931375_113:0:1080:608_600x0_80_0_0_69ac573a63643488a5636fa71cd7324a.jpg)
"29-август күнү кылмышкерлердин жайгашкан жери аныкталып, Жайыл районунда атайын операция жүргүзүлгөн. Террордук топтун мүчөсү делгендер курчоого алынгандан кийин УКМК кызматкерлерине ок чыгарган. Атышуунун жыйынтыгында эки кылмышкер жок кылынып, дагы бири жаракат алган. Учурда ал ооруканага жаткырылды. Мындан сырткары, кылмыштуу топко жардам берген деген шек менен эки адам кармалды", — деп жазылат билдирүүдө.
Атышуу учурунда УКМКнын ыкчам тобунун мүчөлөрү жаракат алган эмес. Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ушундай эле операция дүйшөмбү күнү Бишкектеги спорт ордосунда болгон. УКМК анда кимдер кармалып-кармалбаганы тууралуу толук маалымат берген эмес.
Кийин "Перехват" планы жарыяланып, шектүүлөр издөөгө алынган. Машина Көк-Жар конушундагы Кулмырзаев көчөсүнөн табылып, анын ичинен китептер жана уюлдук телефон алынган.