БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев реконструкциядан өткөн Бишкектин жылуулук тармагынын расмий ачылышына катышты.
Өлкө башчы жаңыланган объектинин иш процесстери менен таанышып чыгып, кытайлык TBEA комапаниясына жана ТЭЦтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.
![Президент Алмазбек Атамбаев реконструкциядан өткөн Бишкектин жылуулук тармагынын расмий ачылышына катышты. Президент Алмазбек Атамбаев реконструкциядан өткөн Бишкектин жылуулук тармагынын расмий ачылышына катышты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103494/78/1034947890_0:0:1586:998_600x0_80_0_0_ab73a19f59dd96eca1379dec063f1b7d.jpg)
![Өлкө башчы жаңыланган объектинин иш процесстери менен таанышып чыгып, кытайлык TBEA комапаниясына жана ТЭЦтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Өлкө башчы жаңыланган объектинин иш процесстери менен таанышып чыгып, кытайлык TBEA комапаниясына жана ТЭЦтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103494/78/1034947896_0:29:1599:1034_600x0_80_0_0_1f03bf07a36b415631c425fe4342ef04.jpg)
![Модернизациялоо аракеттери 2013-жылы жай айында башталып, долбоордун баасы 386 миллион долларды түзгөн. Модернизациялоо аракеттери 2013-жылы жай айында башталып, долбоордун баасы 386 миллион долларды түзгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103494/78/1034947884_37:0:1600:983_600x0_80_0_0_2774c80f112f3cfbc7dd6e8647cc7bd8.jpg)
![ТВЕА кытай компаниясынын адистери эски түтүктөрдү алмаштырып, эки меш жана 150 мегаваттык турбоагрегаттарды орноткон. ТВЕА кытай компаниясынын адистери эски түтүктөрдү алмаштырып, эки меш жана 150 мегаваттык турбоагрегаттарды орноткон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103494/78/1034947878_0:0:1548:974_600x0_80_0_0_65535fb2b039d83c0f771d4b22514997.jpg)
![Мындан ары мештерге кыргыз көмүрү жагыла баштайт. Ал эми ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия иштеп чыгарат. Буга чейин ал 512 мегаватт электр энергиясын чыгарып келген. Мындан ары мештерге кыргыз көмүрү жагыла баштайт. Ал эми ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия иштеп чыгарат. Буга чейин ал 512 мегаватт электр энергиясын чыгарып келген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103494/79/1034947902_0:83:1599:1089_600x0_80_0_0_0971b11746d030beed05b22d3059a22a.jpg)
"Айрымдар ТЭЦтин реконструкциясы үчүн насыя албаш керек деп чыгышкан. Муну акылсыздар жана бирөөнүн тапшырмасын аткаргандар айтышкан. Алар мындан башка энергетикалык долбоорлорго да ушундай сөздөрдү айтышат. Эгер Датка — Кемин электр линиясы болбогондо бул жакка кайсы инвестор келмек эле? Инвесторлорго электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү маанилүү", — деди президент.
Мындан ары мештерге кыргыз көмүрү жагыла баштайт. Ал эми ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия иштеп чыгарат. Буга чейин ал 512 мегаватт электр энергиясын чыгарып келген.