БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Тунгуч президент Ислам Каримовдун Самарканддагы мемориалдык комплекси 2-сентябрда ачыла турганын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, курулуш иштери ЮНЕСКОнун дүйнө баалуулуктар борбору жана Баалуулук, эстеликтерди сактоо боюнча эл аралык кеңеши тарабынан былтыркы жылдан бери жүрүп жатат.
Каримов Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнү 25 жыл бою башкарган. 2016-жылы 2-сентябра 78 жашында жүрөгү кармап каза болгон.