БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Америкалык миллиардерди террорчу деп таануу үчүн петицияга 100 миң киши кол койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Ак үйдүн расмий сайтына таянуу менен жазып чыкты.
Эми ал АКШ президенти Дональд Трамптын кароосуна жөнөтүлөт.
Акыркы маалыматка ылайык, петицияга 100 миң 262 киши кол койгон. Кол топтоо 2017-жылдын 19-сентябрына чейин уланат.
Петициянын текстинде Жорж Сорос билип туруп Америка Кошмо Штатына туруксуздукту жана анын элине карата зомбулук жасоого аракеттерди дайыма көргөн деп жазылат
Жорж Сорос америкалык финансист жана инвестор. Анын ишмердигине түрдүүчө баа берилип келет. Арасында аны финансылык чайкоочу катары сыпатташат. Соростун Quantum компаниясы 40 жыл ичинде 35 миллиард доллар акча иштеп тапкан. АКШдагы ипотекалык кризис учурунда эки жыл ичинде 1 миллиард доллар пайда көргөн.
Сорос андан сырткары саясат менен алектенет. Анын фондусу башка мамлекеттин бийлигин алмаштырууга катышкан деп бир нече жолу айыпталган. Ал өзү коюлган айрым айыптарды четке какпайт. Мисалы, анын каражаты 2004-жылы Украинадагы "Жоогазын ыңкылабына" жана 2013-жылдагы "евромайданга" кеткенин айткан.