БИШКЕК, 4-сент, — Sputnik. Баткен облусундагы Лейлек районунун Чымген айылына ардагер мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү таза суу чыгаруучу насостук станция куруп берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.
© Sputnik / Чолпон БердикуловаБаткен облусундагы Лейлек районунун Чымген айылына ардагер мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү таза суу чыгаруучу насостук станция куруп берди
![Баткен облусундагы Лейлек районунун Чымген айылына ардагер мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү таза суу чыгаруучу насостук станция куруп берди Баткен облусундагы Лейлек районунун Чымген айылына ардагер мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү таза суу чыгаруучу насостук станция куруп берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103503/08/1035030835_0:0:1023:643_600x0_80_0_0_caaa6679b736ec012934980b6e403946.jpg)
Баткен облусундагы Лейлек районунун Чымген айылына ардагер мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү таза суу чыгаруучу насостук станция куруп берди
Баткен облусундагы Лейлек районунун Чымген айылына ардагер мугалим Бабакул Осмоновдун үй-бүлөсү таза суу чыгаруучу насостук станция куруп берди
Станцияны курууга 600 миң сом жумшалып, Чымген айылында 300 үй-бүлө таза суу менен камсыздалды.
Станцияны курууга 600 миң сом жумшалып, Чымген айылында 300 үй-бүлө таза суу менен камсыздалды.
"Ардагер мугалимдин үй-бүлөсү элдин муктаждыгын жоюу максатында Чымген булагынан таза суу түтүктөрүн тартуу демилгесин колго алып, жакшы иш жасады", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин аталган айылда таза суу эки-үч күндө бир нече сааттан гана чыгып турган.