БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. "Россия сегодня" маалымат агенттиги тарабынан уюштурулуп, ЮНЕСКОнун Россиядагы комиссиясынын колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Андрей Стенин атындагы фото журналистика сынагынын жыйынтыктары чыгарылды.
Ага ылайык, баш байгени жана "Башкы жаңылыктар. Серия" номинациясында биринчи орунду испаниялык Алехандро Мартинес Велес (Alejandro Martinez Velez) жеңип алды. Алехандрого баш байгени "Белгарддагы качкындар" деп аталган эмгеги алып келди.
![Белгарддагы качкындар. Испаниялык фотограф Алехандро Мартинес Велесанын эмгеги Белгарддагы качкындар. Испаниялык фотограф Алехандро Мартинес Велесанын эмгеги - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103406/29/1034062937_0:19:999:648_600x0_80_0_0_5a8497966db6ac2f3d06901a86f00e96.jpg)
![Грабу шаарындагы каршылык. ЮАРдык фотограф Фандулвази Жайклонун эмгеги Грабу шаарындагы каршылык. ЮАРдык фотограф Фандулвази Жайклонун эмгеги - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103406/19/1034061947_0:0:989:622_600x0_80_0_0_425b466db4760fe93acce7a4cf1c9ea5.jpg)
![Менин планетам. Жалгыз сүрөт номинациясында биринчи орунду сербиялык Елена Янкович алды Менин планетам. Жалгыз сүрөт номинациясында биринчи орунду сербиялык Елена Янкович алды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103508/62/1035086207_0:205:4637:3119_600x0_80_0_0_0e69e82229d2124e5d7b4d9da7468146.jpg)
![Италиялык Данило Гарсиа Ди Меонун эмгеги Италиялык Данило Гарсиа Ди Меонун эмгеги - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103414/46/1034144601_0:37:999:666_600x0_80_0_0_10a2526e87762484ec1fc869830322be.jpg)
![Россиялык Валентина Егоршинанын эмгеги Россиялык Валентина Егоршинанын эмгеги - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103414/43/1034144392_0:37:999:666_600x0_80_0_0_674230911299a140069c77eaa1b5af61.jpg)
Испаниялык журналист менен биргеликте жогорку сыйлыктарга дүйнө жүзүнөн келген жаш тажрыйбалуу фотографтар татыды. Алардын катарында ЮАРдан келген Фандулвази Джайклонун (Phandulwazi Jikelo) "Грабу шаарындагы каршылык" сүрөтү "Башкы жаңылыктар. Жалгыз эмгек" номинациясында биринчини алды, сербиялык Елена Янкович (Jelena Jankovic) "Селфи маданияты" аталышындагы сүрөтү менен калыстардын көңүлүн алган ("Менин планетам. Жалгыз эмгек". 1-орун), италиялык Данило Гарсиа Ди Мео (Danilo Garcia Di Meo) "Эмне?" деген сүрөтү менен таанылды ("Портрет. Биздин замандын баатыры. Серия" номинациясында 1-орун), ал эми россиялык Валентин Егоршин "Өткөн чактагы жүз" деген эмгеги менен байгеге ээ болду ("Портрет. Биздин замандын баатыры. Жалгыз эмгек" номинациясында 1-орун).
Сыйлык тапшыруу аземинде "Россия сегодня" маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев "Бүгүнкү күн биз үчүн маанилүү. Жыл сайын күз айынын башталышында Украинада кызматын аткарып жатып каза болгон "Россия сегодня" маалымат агенттигинин фото кабарчысын эскеребиз. Анын жаркын элесине арнап жаш фотографтардын конкурсун анын атынан койгонбуз. Бүгүн Стениндин арты менен дүйнө жүзүнөн келген фото кабарчылар сүрөт аркылуу аларды кыжаалат кылган көрүнүштөр тууралуу айтып берип жатышат" деп билдирген.
![Награждение победителей конкурса фотожурналистики им. А. Стенина Награждение победителей конкурса фотожурналистики им. А. Стенина - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103508/63/1035086335_0:0:2859:2048_600x0_80_0_0_da6e544b1b5eb61834564396663d0795.jpg)
Сынактын жеңүүчүлөрү жана алардын эмгектери тууралуу толук маалыматты stenincontest.ru сайтынын "Победители —2017" бөлүмүнөн таба аласыздар.
Сынак тууралуу маалымат
Конкурс 18 жаштан 33 жашка чейинки катышуучулар үчүн ачык жана анын максаты сүрөтчүлөрдүн кесиптик чеберчиликке умтулуусун колдоо болуп эсептелет.
Былтыр ага 71 мамлекеттен 6 миңден ашык эмгек жиберилген. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва, Стамбул, Кейптаун, Шанхай, Пекин, Каир, Берлин, Рим, Марибор жана Люблян шаарларындагы сүрөт көргөзмөлөргө коюлган.
2017-жылы сынактын өнөктөштөрү Al Mayadeen TV, Shanghai United Media Group (SUMG), МККК, "Россия-Культура" телеканалдары, Вести.Ru, KP.ru, ЖурДом, Russian Photo порталдары, Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу, Askanews, Notimex, ANA, Xinhua, The Royal Photographic Society, Shanghai United Media Group (SUMG), ANDES маалымат агенттиктери, Independent Media медиахолдинги, RT телеканалы жана порталы өнөктөштөрү болду.
Ал эми сынакты тармактык өнөктөш карата Сүрөттөр академиясы, ГеоФото агенттиктери, Photo-study.ru, YOung JOurnalists, PhotoVisa порталдары, Bleek Magazine онлайн журналы, Москванын журналисттер биримдиги, Визуалдык искусство мектеби, Россия сүрөтчүлөр союзу жана "Фотопарад в Угличе" фестивалы колдоого алышты.
Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik агенттиги маалыматтарды 30дан ашык тилде таратат. Андан сырткары аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактарда баракчалар бар. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан, кытай жана башка ондогон тилдерде жарык көрөт.