БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Каракол шаарында "Каракол Ривер Парк" деген аталыштагы эс алуу борбору ачылгандыгын уюштуруучулар билдирди.
Сейил бак Каракол суусунун жээгинде орун алды. Долбоор "Дестинация Каракол" коомдук бирикмеси тараптан "USAID бизнести өнүктүрүү долбоору" жана шаар мэриясынын колдоосу менен ишке ашты.
![Каракол шаарында Каракол Ривер Парк деген аталыштагы эс алуу борбору ачылды Каракол шаарында Каракол Ривер Парк деген аталыштагы эс алуу борбору ачылды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103511/16/1035111667_19:0:984:607_600x0_80_0_0_b854ff2dbe50789f40449cba245b5c8c.jpg)
![Сейил бак Каракол суусунун жээгинде орун алды. Сейил бак Каракол суусунун жээгинде орун алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103511/16/1035111673_0:0:964:607_600x0_80_0_0_2bd10929314f59f92faad18fd397d967.jpg)
![Долбоор Дестинация Каракол коомдук бирикмеси тараптан USAID бизнеси өнүктүү долбоору жана шаар мэриясынын колдоосу менен ишке ашты. Долбоор Дестинация Каракол коомдук бирикмеси тараптан USAID бизнеси өнүктүү долбоору жана шаар мэриясынын колдоосу менен ишке ашты. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103511/16/1035111678_41:0:1006:606_600x0_80_0_0_9ee2201cdba0ee79a9e38eff8ecfbd64.jpg)
![Шаар жетекчиси Данияр Арпачиевдин айтымында, сейил бактын курулушуна жалпысынан жети миллион сом сарпталды. Шаар жетекчиси Данияр Арпачиевдин айтымында, сейил бактын курулушуна жалпысынан жети миллион сом сарпталды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103511/16/1035111684_115:0:1080:606_600x0_80_0_0_bb3a50abf396edf151943a110f35f751.jpg)
![Ал эми аталган сейил бакты куруу идеясы эки жыл мурда келгенин Дестинация Каракол бирикмесинин аткаруучу директору Рахат Жамалова билдирди. Ал эми аталган сейил бакты куруу идеясы эки жыл мурда келгенин Дестинация Каракол бирикмесинин аткаруучу директору Рахат Жамалова билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103511/16/1035111691_18:0:983:607_600x0_80_0_0_fe7c6f2ef426d5134b8e8be28d005acb.jpg)
![Сейил бак кичинекейлер үчүн, спорттук аянтча жана отургучтары бар аймак болуп бөлүндү. Сейил бак кичинекейлер үчүн, спорттук аянтча жана отургучтары бар аймак болуп бөлүндү. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103511/16/1035111697_0:0:964:606_600x0_80_0_0_6e801a0cdcc7637f2ae7d6ada388faa9.jpg)
Шаар жетекчиси Данияр Арпачиевдин айтымында, сейил бактын курулушуна жалпысынан жети миллион сом сарпталды.
Ал эми аталган сейил бакты куруу идеясы эки жыл мурда келгенин "Дестинация Каракол" бирикмесинин аткаруучу директору Рахат Жамалова билдирди.
"Баарыбыз чогулуп, туристтер шаардын ичинде эс ала турган жай түптөөнү чечтик. Негизинен шаарда ар кандай фестивалдар, иш-чаралар өтө турган сейил бак керектигин ойлондук. Эки жыл бою документтерди тууралап, ылайыктуу жер изделди. Ошентип ушул жылдын июнь айында башталган курулуш иштери аяктап, бүгүн сейил бак эшигин ачты", — деди Жамалова.
Сейил бак кичинекейлер үчүн, спорттук аянтча жана отургучтары бар аймак болуп бөлүндү. Эс алуу жайы суунун эки жээгинде жайгашып, ортосунан көпүрө салынды.