БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын башчысы Владимир Путин менен жолугушуусу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, эки тараптуу жолугушуу 14-сентябрда Сочи шаарында өтмөкчү.
"Аталган жолугушуу тууралуу эки лидердин 14-августта телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө макулдашылган", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу учурунда ЕАЭБдин алкагында кызматташуунун негизги маселелери талкууланат.