БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек шаары менен Баткен облусунун айрым аймагында газ берүү токтой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от Баткендин Үч-Коргон айылында 14-сентябрда өчсө, Бишкектин Арал, Дачная көчөлөрүндө 18-19-сентябрь күндөрү газ болбойт.
Ишкананын тараткан билдирүүсүндө оңдоо иштери калкты жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында жасалып жатканы кошумчаланган.