БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккандыгын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Республика боюнча "Кыргыз почтасы" ишканасынын байланыш бөлүмдөрүндө октябрь айына чейин 434 киоск ачылат. Бул "Таза Коом" улуттук долбоорунун алкагында ишке ашууда.
![Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккан Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусунун Сокулук районундагы жаңы коюлуп жаткан маалымат киоскилери менен таанышып чыккан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103518/77/1035187794_0:123:1016:763_600x0_80_0_0_063a7e0c4c820cab22edf069ad05dcb3.jpg)
![Ход установочных работ информационных киосков в Сокулукском районе Ход установочных работ информационных киосков в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103518/77/1035187788_0:61:3230:2091_600x0_80_0_0_8599d62d6c76f821672d0fde1ef854b0.jpg)
![Догоев маалымат киоскисинде иштей турган адистер учурда даярдыктан өтүп жаткандыгын билдирди. Догоев маалымат киоскисинде иштей турган адистер учурда даярдыктан өтүп жаткандыгын билдирди. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103518/79/1035187992_101:0:1425:831_600x0_80_0_0_500f4618108102bfda98c58f7848548f.jpg)
Догоев маалымат киоскисинде иштей турган адистер учурда даярдыктан өтүп жаткандыгын билдирди.
"Чакан борборлор келе жаткан жумада тестирлөөдөн өтө баштайт. Эл мурдагыдай район, облус жана шаарлардагы Калкты тейлөө борборлоруна барып убара болбой, өзүнө жакын жердеги маалымат киоскисине кайрыла алат", — деди ал.
Мындай жайга талап кылынчу жабдуулар Япония өкмөтү бөлгөн 5 миллион 600 миң доллар гранттык каражатка сатып алынды.