Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спорт тармагында жүрүп бийликтен ордун тапкан азыркы жана мурдагы саясатчыларды тизмектеди.
![Новый депутат ЖК по списку политической партии Бир Бол Дуйшон Торокулов Новый депутат ЖК по списку политической партии Бир Бол Дуйшон Торокулов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/06/1049919118_124:106:980:693_600x0_80_0_0_bd971ab98233c5bd710bbfee8082c223.jpg)
Аралаш мушташ боюнча таанымал спортчу Дүйшөн Төрөкулов "Бир Бол" фракциясынан депутат. Ал ушул жылдын январь айында Чолпон Жакупованын ордуна келген. Төрөкулов буга чейин Ош шаардык Дене тарбия, спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеген.
![Министр экономики Арзыбек Кожошев Министр экономики Арзыбек Кожошев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102589/42/1025894273_0:0:2880:1920_600x0_80_0_0_fcd14040fe0e4bd9a25701b30b9768d0.jpg)
Мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошевдин жашоодогу ийгилиги спорт менен башталган десек болот. 4-класстан тарта күрөш менен машыгып, бир жылдан кийин 35 килограмм салмактагылар арасында Ош шаарынын чемпиону аталган. Далай балбанды жыгып СССРдин грек-рим күрөшү боюнча спорт чеберинин нормасын да толтурган. Армияда кызмат өтөп жүргөн маалда турмушка болгон көз карашы өзгөрүп, келечегин мамлекеттик кызматтардан көргөн. 2006-жылы КРдин Грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, 2009-жылы президенти болуп шайланган. Эл аралык күрөш федерациясынын ордени менен сыйланган, ардактуу машыктыруучу.
![Депутат Талайбек Масабиров Депутат Талайбек Масабиров - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102088/13/1020881392_0:0:4648:3096_600x0_80_0_0_75dea57406f227e1adbd7a343e690af8.jpg)
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров дзюдо боюнча дүйнө чемпиону. Бишкек шаарындагы Крупская атындагы республикалык жалпы орто билим берүүчү спорттук профилдеги мектеп-интернатынын дзюдо секциясында окуган. Эмгек жолун ИИМдин алдындагы "Динамо" спорттук коомуна караштуу спорттук комплексте милиция кызматкерлерин атайын даярдоо боюнча инструктор, самбо боюнча улук машыктыруучу болуп иштөөдөн баштаган.
![Депутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов Депутат ЖК шестого созыва Алтынбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102485/31/1024853155_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_898d27b0a24fa9aa53566efb1d686237.jpg)
Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Алтынбек Сулайманов бала чагынан тарта эркин күрөш менен бокска көп басым жасаган. Кыргыздын бардык жигиттериндей эле көк бөрүнүн "атасын" таанытат. Азыркы күнгө чейин спорттун бир нече түрү менен машыкса да кандайдыр бир мелдештерге катышып чоң ийгиликтерди багындырган эмес. Ошентсе да спортту тамырынан түшүнгөн адам катары бука моюн, буура сан балбандарга, муштуму таш мушкерлерге колдоо көрсөтүп бир канча спорттук клубду жетектеп келет.
![Замирбек Сыргабаев уверенно одержал победу над соперником из США. Замирбек Сыргабаев уверенно одержал победу над соперником из США. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101849/26/1018492630_0:0:1620:1080_600x0_80_0_0_2ed5c0bea88449c25065d04dbb1fc3a2.jpg)
Белгилүү спортчу Замир Сыргабаев "Бир бол" партиясынан Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты. Ал самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону.
![Депутат от фракции СДПК Максатбек Эгембердиев Депутат от фракции СДПК Максатбек Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103522/24/1035222457_0:0:1000:673_600x0_80_0_0_0fa149634a2ca9705b524992a0576609.jpg)
Грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери Максат Эгембердиев өткөн жылы КСДП фракциясынан депутат Галина Скрипкинанын ордуна келген. Эгембердиев Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн, кесиби боюнча машыктыруучу, КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу.
![Министр МВД Мелис Турганбаев принимает присягу Министр МВД Мелис Турганбаев принимает присягу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101342/40/1013424091_0:0:2200:1433_600x0_80_0_0_612ffdc0d0ea066443ec3af34f0b2507.jpg)
ИИМдин мурдагы башчысы Мелис Турганбаев күрөш менен 5-классынан тарта машыккан. Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайдын бүтүрүүчүсү, күрөш боюнча спорт чебери. 1998-жылдан бери республиканын Спорт күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти. Былтыр ардагерлер арасында өткөн дүйнө биринчилгинде коло медаль тагынган.
![Депутат Тазабек Икрамов Депутат Тазабек Икрамов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102057/43/1020574373_0:0:3628:2418_600x0_80_0_0_db3cb18efdf562d2f66b927847d5dfb4.jpg)
"Өнүгүү — Прогрес" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, эмгек жолун ошол окуу жайдын Жалал-Абаддагы филиалында окутуучулуктан баштаган. Тагыраагы, алгачкы ишмердүүлүгү спортко арналган.
![Руководитель фонда имени Суймонкула Чокморова Сагынбек Абдрахманов Руководитель фонда имени Суймонкула Чокморова Сагынбек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102985/62/1029856282_0:0:2500:1667_600x0_80_0_0_e37dec320e5218bc7e9c5765b4510d9c.jpg)
ЖКнын мурдагы депутаты, Чүй облусунун экс-губернатору Сагынбек Абдрахманов бокс боюнча СССРдин спорт чебери. Спорттун бул түрү менен жаш кезинде 15 жыл машыккан.
Атактуу мушкер Орзубек Назаров 2007-жылдын ноябрь айында "Ак жол" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Назаров профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, КРдин Бокс федерациясынын вице-президенти.
Маркум Санжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты болгон. Саясатка келгенге чейин дзюдо жана эрежесиз кармаш түрлөрү боюнча спортчу катары таанылган. КРдин Панкратион федерациясынын вице-президентинин милдетин аркалаган. Кадыралиев 2009-жылы белгисиз адамдар тарабынан атылган.
![Письмо себе в прошлое: Эльвира Сурабалдиева Письмо себе в прошлое: Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102029/69/1020296973_0:0:770:1027_600x0_80_0_0_917035ec9b260a338b14f9e965907ff4.jpg)
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Сурабалдиев КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу, дзюдо күрөшү боюнча спорт чебери болгон. 1998-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, Бишкектеги автотетиктерди жана автомашиналарды сатуучу "Кудайберген" жана "Азамат" базарларынын ээси болгон. Сурабалдиевди 2005-жылы 10-июнда борбордон белгисиз адамдар атып кетишкен.
Баяман Эркинбаев Жогорку Кеңештин депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл аралык күрөш федерациясынын, "Палван" кайрымдуулук фондусунун негиздөөчүсү. Мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кырызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, дзюдо жана күрөш боюнча спорт чебери, эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу. Эркинбаевди 2006-жылы өз үйүнүн алдынан атып кетишкен.