БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
![Бишкекжылуулукэнерго ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду Бишкекжылуулукэнерго ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103534/87/1035348704_0:49:1280:854_600x0_80_0_0_16712e372f6f2a1df3d0fb9c8aaf8f2f.jpg)
![Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, Бишкекжылуулукэнерго коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, Бишкекжылуулукэнерго коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103534/86/1035348698_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_294774b2cf414aca9cbcf508db12450f.jpg)
![Шаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи. Шаар башчысы Ибраимов учурда жаңы ыкманы сыноо үчүн 364 коллектор орнотулганын баса белгиледи. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103534/86/1035348693_0:0:1280:804_600x0_80_0_0_27eb437ad828b0f537225a1a4618d9f4.jpg)
Ачылыш салтанатына вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев, калаа башчысы Албек Ибраимов, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын башчысы Алимбек Абдылаев баштаган жетекчилер катышты.
Гагарин казан мешинен жылуулукту №5 мончо, №141 балдар бакчасы, №55 мектеп, №20, 94, 91 кесиптик лицейлер жана төрт жатакана алат.
Мэр ошондой эле жылытуу мезгили башталганга чейин Орто-Сай казан мешине дагы күндүн электр энергиясын ала турчу жабдуулар орнотуларын кошумчалады.
Өз кезегинде вице-премьер Зилалиев бул ыкманы Кыргызстандын бардык аймактарында жайылтуу керектигин баса белгиледи.
Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык фонддун башкармалыгынын чечими менен 10,6 миллион сом биргелешип каржылоо шарты менен бөлүнгөн. Жалпы баасы 14,8 миллион сомду түзөт.