БИШКЕК, 22-cен. — Sputnik. Ишемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас өрөөнүндө 20…25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 23…28, Ысык-Көл, Нарында 18…23 градус жылуу болсун.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, 26…29 градуска дейре жылыйт.