БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 50, 55, 60 жана андан көп жыл бирге жашаган түгөйлөрдү куттуктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 50, 55, 60 жана андан көп жыл бирге жашаган түгөйлөрдү куттуктады
![Поздравление Международным днем пожилых людей в Свердловской районе Бишкека Поздравление Международным днем пожилых людей в Свердловской районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103542/69/1035426909_0:0:1782:750_600x0_80_0_0_c15e74e70afec8e9143df8ac95240afa.jpg)
Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы 50, 55, 60 жана андан көп жыл бирге жашаган түгөйлөрдү куттуктады
Аталган иш-чара кары адамдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган.
"Узак жылдар бою бирге жашаган түгөйлөр үй-бүлөлүк бактылуу жашоонун сырлары менен бөлүштү. Ар биринин сүйүү баяны өзгөчө", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага район башчысы да катышып, жарым кылымдан ашык бирге түтүн булатып келе жаткан маараке ээлерине бакубаттуулук, ден соолук каалады.