БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. "Оспрейз" клубунун регбичиси Скотт Болдуин Түштүк Африкадагы зоопарктын биринде арстандын курмандыгы боло жаздады. Бул тууралуу анын клубдашы Энди Гуд Twitter баракчасына жарыялаган.
Stroke the Lion it'll be fine they said! Here's @scottbaldwin2 petting a lion like it's a pet cat! pic.twitter.com/Y95FObGeJ5
— Andy Goode (@AndyGoode10) 29 сентября 2017 г.
Видеодо спортчу темир торго кол сунуп, жырткычты сылап-сыйпап эркелетип жатканын көрүүгө болот. Бул аракет жакпай калган арстан бурулуп, Болдуиндин колун тиштеп алган.
"Эркелетип көр, эч нерсе болбойт дешкен. Скоттун ак пейилдиги башына муш болуп тийди", — деп Гуд өзүнүн тасмасынын алдына жазып койгон.
Маалыматта мүчөсүнөн ажырап кала жаздаган регбичинин тытылган колу бир нече жеринен тигилип, анын айынан спортчу жолдоштук беттешке чыкпай калды.