БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарына эки троллейбус, эки МАЗ үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу унаа белек кылганын аймактык кабарчы билдирди.
Ага ылайык, таштанды чыгаруучу автоунаалар Бишкек шаардык "Тазалык" ишканасынан алынса, троллейбустар Бишкек троллейбус башкармалыгынан берилген.
![Президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарына эки троллейбус, эки МАЗ үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу унаа белек кылган Президент Алмазбек Атамбаев Нарын шаарына эки троллейбус, эки МАЗ үлгүсүндөгү таштанды чыгаруучу унаа белек кылган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103550/63/1035506308_0:62:1158:789_600x0_80_0_0_0628d619212d2a405f0f5e38f5281eab.jpg)
![Таштанды чыгаруучу автоунаалар Бишкек шаардык Тазалык ишканасынан алынса, троллейбустар Бишкек троллейбус башкармалыгынан берилген. Таштанды чыгаруучу автоунаалар Бишкек шаардык Тазалык ишканасынан алынса, троллейбустар Бишкек троллейбус башкармалыгынан берилген. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103550/62/1035506299_0:64:1280:869_600x0_80_0_0_4f716e9215eccc0bcd3844c3b54dd036.jpg)
![Президент манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата анын Кочкор районундагы күмбөзүн оңдоого 4 миллион сом, Кочкор райондук маданият үйүн курууга 10 миллион сом бөлгөн. Президент манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата анын Кочкор районундагы күмбөзүн оңдоого 4 миллион сом, Кочкор райондук маданият үйүн курууга 10 миллион сом бөлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103550/62/1035506277_0:155:1280:960_600x0_80_0_0_31cedb73672aaf3352b0bb3ffdf9d823.jpg)
"Буга чейин нарындыктар президентке троллейбус сурап кайрылышкан. 1-октябрда президенттин аппарат башчысынын орун басары Мухаммедкалый Абулгазиев машиналарды тапшырып, президенттин Нарынга болгон иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн маселелердин бардыгы чечилгенин айтты. Келген транспорттор президент бөлгөн 3 миллион сомго оңдолгон", — деди кабарчы.
Мындан тышкары, президент манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата анын Кочкор районундагы күмбөзүн оңдоого 4 миллион сом, Кочкор райондук маданият үйүн курууга 10 миллион сом бөлгөн.
Белгилей кетсек, Нарын шаарында биринчи троллейбус 1994 —жылы жүрө баштаган.