Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Абдыкерим Муратовдон беймаал убакта эмнелерди кылганга болбой турганын жана алардын себептерин сурап көрдү.
Ооруп жаткан адамды сурап барбайт. Ооруп жаткан адамдын ал-абалын таң эрте, түш ооп кеткенге чейин сурап барыш керек. Ошондой эле караңгыда жамандык болгон үйгө куран окутуп барганга да болбойт.
Караңгыда кичине баланы сыртка алып чыкпайт. Эгер кырдаалга жараша баланы сыртка алып чыгыш керек болуп калса, сөзсүз чекесине көө сүйкөп же кийимине нан салып коюшкан.
Баланын кийимин сыртка калтырбайт, жайбайт. Наристенин кийимин ай-жылдызга көрсөтүүгө болбойт деп коюшкан.
Караңгыда ак (сүт, айран, ун) бербейт, сурап да барбайт. Кокус сөзсүз берүү керек болуп калса кээ бири сүттүн үстүнө суу тамызып койсо, айрымдары бетин жаап берген.
Идиш-аякты кир калтырбайт. Ошондой эле суунун бетин түндө ачык калтырып жаткан болбойт деп айтылат.
Караңгыда сырттан суу албайт. Сырттан өтө зарыл болуп суу алып келиш керек болуп калса, алып келген суунун бетине кичине от таштап коет. Ошондой эле кыз баланы кеч киргенде сууга жиберген эмес.
Сыртка жылаңбаш чыкпайт. Мындан сырткары, кеч киргенде бирөөнүн атын атап кыйкырган да жаман жорук деп саналган.
Тырмак албайт, чач кестирбейт. Ошондой эле алынган тырмакты, чачты отко таштабайт. Мунун ата-бабалар кырсыкка учурап каласың деп жорушкан.