БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Нарын районунда 3-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан токойчу Жолчубек Абдрасулов изделип жатканын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Ташбашат айылынын тургуну Орток айыл өкмөтүнүн Үмөт тилкесинде болгону айтылган. Куткаруучулар 4-октябрда Нарын шаарынан Нарын суусун жээктеп Куланак айылына чейин издеп барышкан.
Издөө иштери бүгүн да улантылмай болду.