1969-жылы мектепти аяктап, Фрунзе шаарына келген кез. Калаанын кооздугу, тазалыгы өзүнчө керемет. "Ала-Тоо" кинотеатрында киного кирип, маңдайындагы "Соң-Көл" ашканасынан тамактанчу элек. Ал кезде көргөнүбүз эки эле кинотасма: бири — согуш жөнүндө, экинчиси — индиялыктардыкы. Согуш киного киргенде "биздикилер жеңсе экен" деп жатып сеанс бүтөт. Ал эми Индия киносуна киргенде залдагылардын баары бышактап, ыйлап чыгар эле. Ал кезде азыркыдай чөнтөк телефон жок. Шаардан көргөндөрдү айылга кат менен тизмектеп жазчубуз. Үйдөн ата-энеден жооп кат келгенде айылга барып келгендей боло түшөр элек.
Соройгон бой менен танка айдап…
Анан I курсту бүткөндө армияга алып кетти. Болгондо да алыскы Германияда соройгон боюм менен танка айдап калсам болобу! Мына ошондо алыста жүрүп, салам каттын кадырын аябай билдик го. Сагынып көзгө жаш келип ашыгып жазган катың бир айда араң айылга, чогуу окугандарга жетет. Алар шашпай жооп жазып, ортодо бир ай өтөт. Ошентип үч айда баягы сагынган катың келет. Аны окугандан кийин 3-4 күн айылды, ата-энени, туугандарды, өзүң баскан тоо-ташты элестетип жүрүп, сагынычың азаят. Анан кайра эле кат жазмай. Германияда милдет өтөгөндөр билет, эки жыл үйдөн посылка албайсың, отпускеге келбейсиң. Көргөн-бакканың жалаң салам кат жазмай, анын жообун күтмөй.
Толтой Мураталиевдин айылга дүң болгон каты
Ал төмөнкүчө экен. "Мени Чоң-Кеминден ой-боюма койбой күчтөп алып келип, атам Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга окутуп коюшту. Эмнени окуп жатканымды деле билбейм, мектепте кыйратып деле окуган эмесмин. Жазганды, окуганды билбесем, элестетип көргүлө. Ошентип октябрь аяктап, күн сууктай баштады. Айылдагыларга кышкы кийимдеримди берип жибергиле дейин десем, кат жаза албайм. Айлам кетип жогорку курста окуган Текембай агамдан сурандым. "Чоң-Кеминдеги апама кат жазып бересизби, каттагандардан кийимдеримди берип жиберсин" десем макул болду. Бир топко чейин жазды, мени конвертке чуркатты. Баягы катты бүттү да, чаптады. Эми салып кел деп почтого чуркатты. Көрсө, оңбогон Такем катты мындайча жазган экен.
Куланакка барып келгендей болдум
Ушул сагынычтуу катты жазып жатып, киндик кан тамган Куланагыма барып келгендей, Кара-Тоонун чокусу "Эки балага" чыккандай болдум. Нарын дайрасына чөмүлүп, балык кармаган күндөрдү эске түшүрдүм. Тоонун шыбагын, кой кыркындагы жүндүн чыбашын жыттагандай болдум. Ушуну менен айылыма жазган сагынычтуу катыма точке коёюн. Эмне демекчимин, бар бол айылым, бар болгула айылдаштар, туугандар, таякелер, классташтар.
Сагынычтуу салам катым менен уулуңар, куудулуңар Ниязов Келдибек (Душка).