БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарында турган жарандарды чатыр жана ысык тамак менен камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги болсо күнү-түнү нөөмөттө туруу үчүн тез жардам бригадасын коюуга милдеттендирилди.
Андан сырткары, Экономика министрлигине тез арада бузулуучу азык-түлүк жүктөлгөн фуралардын санын билүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.
Эмне себептен мындай болуп жатканы боюнча казак тарап азырынча расмий жооп бере элек.
Кыргыз-казак чек арасында учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>