БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, жарандар Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын байланыш номурларына чалып кабарлай алышат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Маалыматка ылайык, БШКда мыйзам бузууларга ыкчам жооп берүү үчүн атайын координациялык топ түзүлдү. Шайлоо учурунда мыйзам бузуу катталса жарандар төмөндөгү телефондор аркылуу кабарласа болот:
- Тынымсыз байланыш номуру — 1255 (чалуу акысыз);
- Бишкектеги коомдук кабылдама — (0312) 66-02-40, 62-01-41;
- Оштогу коомдук кабылдама — (03222) 5-55-50, (0552) 60-41-79, (0772) 60-41-79.
Мындан сырткары, жарандар маалыматтарды KGOR.TSIK@gmail.com дарегине же WhatsApp аркылуу 0550 11-89-52 номерине жөнөтсө болот.