БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Индонезиянын "Персела" клубунун дарбазачысы Чойрул Худа улуттук чемпионат учурунда оюнчу менен кагышып кеткенден кийин каза тапты. Бул тууралуу Goal.com спорт сайты жазып чыкты.
Беттеш "Персела" жана "Семен Паданг" клубдарынын ортосунда болуп жаткан. Адам өмүрүн алган окуя биринчи таймдын аягында болгон. Дарбазачы Худа командасындагы Рамон Родригес жана чабуулчу Марсел Сакраменто менен кагышып кеткен. Ал оор жаракат алып ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
INNALILLAHI WAINNA ILAIHI ROJIUN
— PerselaFC (@PerselaFC) 15 октября 2017 г.
SELAMAT JALAN CAP CHOIRUL HUDA
THE REAL LEGEND OF PERSELA#riphuda pic.twitter.com/SnuiddqdUo
Маалыматка караганда, оюнчунун башы жана мойну жабыркаган.
38 жаштагы Худа 1999-жылдан бери "Персела" клубу үчүн ойноп келген.