БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктуларында абал жеңилдей баштагандыгы тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Токмок, Чалдовар өткөрүү жайларында унаалардын да, жарандардын да тыгыны дээрлик жокко эсе.
![Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктуларында абал жеңилдей баштаган Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктуларында абал жеңилдей баштаган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103588/55/1035885517_0:235:6016:4016_600x0_80_0_0_029f2df4f10ac132e3cd75c70f9e9d8c.jpg)
![Учурда Токмок, Чалдовар өткөрүү жайларында унаалардын да, жарандардын да тыгыны дээрлик жокко эсе. Учурда Токмок, Чалдовар өткөрүү жайларында унаалардын да, жарандардын да тыгыны дээрлик жокко эсе. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103588/54/1035885478_0:203:5200:3472_600x0_80_0_0_5d80b878c2501b5dbfbf1d8e01ae38f1.jpg)
![Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын көбү өткөн Ак-Тилек көзөмөл пунктунда 400гө чукул унаа кезек күтүп турат. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын көбү өткөн Ак-Тилек көзөмөл пунктунда 400гө чукул унаа кезек күтүп турат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103588/55/1035885509_0:0:6016:4011_600x0_80_0_0_6cb14e7de907f8b109a1e1ea6974efe7.jpg)
![Бирок ал жакта кыймыл мурунку күндөгүлөргө салыштырмалуу тездеп, казак тарап саатына жетиден унаа өткөрүүдө. Бирок ал жакта кыймыл мурунку күндөгүлөргө салыштырмалуу тездеп, казак тарап саатына жетиден унаа өткөрүүдө. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103588/55/1035885503_0:235:6015:4016_600x0_80_0_0_f991e9b955d3cd1cc56d89f86ea72148.jpg)
![Чоң-Капка өткөрүү бекетинде болсо жарандардын тыгыны дээрлик жок болуп, 100гө чукул жеңил, жүк ташуучу унаа кезек күтүп турарын Чек ара кызматы кошумчалап кетти. Чоң-Капка өткөрүү бекетинде болсо жарандардын тыгыны дээрлик жок болуп, 100гө чукул жеңил, жүк ташуучу унаа кезек күтүп турарын Чек ара кызматы кошумчалап кетти. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103588/55/1035885527_0:0:5599:3520_600x0_80_0_0_1109cfeba80cba4d646a8433e1f94740.jpg)
"Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын көбү өткөн "Ак-Тилек" көзөмөл пунктунда 400гө чукул унаа кезек күтүп турат. Бирок ал жакта кыймыл мурунку күндөгүлөргө салыштырмалуу тездеп, казак тарап саатына жетиден унаа өткөрүүдө. Ал эми "Ак-Жол" көзөмөл пунктунда адамдардын тыгыны кичине бар, ошентсе да казак чек арасынан 10 мүнөттө 20дай киши текшерилип өтө баштады. Мисалы мурда 15-20 мүнөттө бир адам араң өтүп жатса, азыр бул убакытта 20дан ашык жаран Казакстандын аймагына кирүүдө", — деди Чек ара кызматынын өкүлдөрү.
"Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде болсо жарандардын тыгыны дээрлик жок болуп, 100гө чукул жеңил, жүк ташуучу унаа кезек күтүп турарын Чек ара кызматы кошумчалап кетти.