БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Борбор калаанын оңдолуп жаткан жолдоруна бак-дарактар отургузулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, бак-дарактарды "Зеленстрой" ишканасы шаардыктар менен бирге отургузууда.
© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаанын оңдолуп жаткан жолдоруна бак-дарактар отургузулууда.
![Борбор калаанын оңдолуп жаткан жолдоруна бак-дарактар отургузулууда. Борбор калаанын оңдолуп жаткан жолдоруна бак-дарактар отургузулууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103591/86/1035918668_0:49:1279:854_600x0_80_0_0_759ae6d2ede21b1ea44a71626c2f546f.jpg)
Борбор калаанын оңдолуп жаткан жолдоруна бак-дарактар отургузулууда.
© пресс-служба мэрии города БишкекБак-дарактарды "Зеленстрой" ишканасы шаардыктар менен бирге отургузууда.
![Бак-дарактарды Зеленстрой ишканасы шаардыктар менен бирге отургузууда. Бак-дарактарды Зеленстрой ишканасы шаардыктар менен бирге отургузууда. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103591/86/1035918661_0:49:1279:854_600x0_80_0_0_0144f21e9e1ef743fcc38f01f9e32f4b.jpg)
Бак-дарактарды "Зеленстрой" ишканасы шаардыктар менен бирге отургузууда.
Борбор калаанын оңдолуп жаткан жолдоруна бак-дарактар отургузулууда.
Бак-дарактарды "Зеленстрой" ишканасы шаардыктар менен бирге отургузууда.
"Медеров көчөсүнүн Токтоналиев жолунан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө жана Ала-Арча суусунан Масалиев көчөсүнө чейин 40 түп бак-дарак отургузулса, Сүйөркулов көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Юнусалиевге чейинки аралыгына 20 түп дарак тигилди", — деп жазылат маалыматта.
Борбор калааны көрктөндүрүү иштери октябрь айынын ортосуна чейин уланат. План боюнча эми Киев көчөсүнө 149, Панфиловго 80, Логвиненко көчөсүнө 68 көчөт отургузулмакчы.
Жалпысынан Бишкекке 3 миң 855 көчөт тигилет.