БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Коомдук транспортто карыларга орун бошотуп берүү менен биз алардын ден соолугуна зыян келтирип жатабыз. Мындай пикирин хирург-ортопед Скарлетт МакНелли башында турган окумуштуулардын тобу билдиргенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
Илим адамдары карылык менен физикалык активдүүлүктүн жоктугун так ажыратып билүү керектигин айтышат. Карылар эгер көп кыймылдап түрдүү көнүгүүлөрдү жасаса дээрлик 10 жылга жашарарын окумуштуулар эскертет.
"Биз кыймылда жүргөн карыларды эс алгыла дегендин ордуна аларды кубаттап, шыктандырышыбыз керек. Андыктан коомдук транспортто карыларга орун бошотуп берип жатканда бул тууралуу ойлонушуңуз керек. Улуу муундагылардын туруп турганы алардын ден соолугу үчүн пайдалуу", — деди профессор Муир Грэй.
Ал ошондой эле улуу муундагы адамдардын көбүнүн дарты карылыктан эмес, кыймылдын жоктугунан келип чыгарын эскертет.