БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясына академик, техника илимдеринин доктору Мурат Жуматаев президент болуп тандалды. Бул тууралуу УИАнын маалымат кызматынан билдиришти.
Жаңы жетекчи ишке киришээр алдындагы сөзүндө илимий жетишкендиктер бүгүнкү күндө өз ордун таппай жатканына токтолду.
"Бүгүн илимий жетишкендиктер өндүрүшкө жакшы киргизилбей, өз ордун таппай жатат. Алгылыктуу багыттарды аныктап, жаңы иштерибиз колдоого алынса, бир топ жетишкендиктерге ээ болобуз", — деди Жуматаев.
Академик Жуматаевдин талапкерлиги бир айдын ичинде премьер-министр тарабынан бекитилиши керек. 1995-жылдан тарта 2017-жылдын май айына чейин УИАнын Машина таануу институтунун директору болуп келген. 120 илимий иштин жана 15 ойлоп табуулардын автору.
Мурат Жуматаев ушул жылдын май айынан бери Илимдер академиясынын президентинин милдетин аткарган.