БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар Сочиде өткөн панкратион боюнча дүйнө чемпионатында алты медаль утканын "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, мелдеш 25-30-октябрда өтүп, 22 мамлекеттен келген 300дөн ашык спортчунун башын бириктирген.
Кыргызстандык спортчулар бир алтын, эки күмүш жана үч коло байге утушкан. Алар:
1. Алымбек Темиров — алтын, 75 кг., 19 жаш
2. Ураим Уулу Жаныш — күмүш, 66 кг., 18 жаш
3. Камбарали Раимбаев — күмүш, 60 кг., 20 жаш
4. Азамат уулу Арсений — коло, 66 кг., 19 жаш
5. Баяман Маматалиев — коло, 66кг., 17 жаш
6. Анарбек Уулу Чынгыз — коло, 66 кг., 20 жаш
Кыргызстандык мушкерлер негизинен Италия, Түркия жана башка мамлекеттерден келген спортчулар менен мушташкан.
Панкратион боюнча кийинки чемпионат өткөрүүнү Белоруссияда өтөт.