БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Каракол шаарындагы "Ривер парк" деген аталыштагы жаңы эс алуу борборун белгисиз адамдар бүлүнтүп кеткенин "Дестинация Каракол" бирикмесинин директору Рахат Жамалова билдирди.
![Каракол шаарындагы Ривер парк деген аталыштагы жаңы эс алуу борборун белгисиз адамдар бүлүнтүп кеткенин Дестинация Каракол бирикмесинин директору Рахат Жамалова билдирди Каракол шаарындагы Ривер парк деген аталыштагы жаңы эс алуу борборун белгисиз адамдар бүлүнтүп кеткенин Дестинация Каракол бирикмесинин директору Рахат Жамалова билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103611/32/1036113255_0:300:799:802_600x0_80_0_0_84bc8291aa2b5ca3b6aa967c6c7375ca.jpg)
![Учурда сейил бактын айланасы Тазалык муниципалдык ишканасы тарабынан тазаланган. Мындай көрүнүш кайра кайталанбашы үчүн паркка кошумча видео байкагычтар орнотулмакчы. Учурда сейил бактын айланасы Тазалык муниципалдык ишканасы тарабынан тазаланган. Мындай көрүнүш кайра кайталанбашы үчүн паркка кошумча видео байкагычтар орнотулмакчы. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103611/32/1036113247_0:324:799:826_600x0_80_0_0_e98102c7ac6c60a62bb764898d9187fc.jpg)
Анын айтымында, бейбаштык фактысы 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү болгон.
"Видео байкоого үч жигит менен бир кыздын сейил бакка кирип баратканы түшүп калган. Кайра саат түнкү 3.05те чыгып кетишкен. Ошол убакыт арылыгында аймагындагы биоажаткана менен таштанды челектерди көңтөрүп, кашааны, фонарларды, электрондук щиттин эшигин талкалап салышкан. Бул атайын жасалгандай сезилип жатат. Бирок бейбаштык эле болсо керек деп турам", — деди Жамалова.
Эске салсак, "Ривер парк" сейил багы үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында ачылган. Сейил бак Каракол суусунун жээгинен орун алган. Долбоор "Дестинация Каракол" коомдук бирикмеси тарабынан "USAID бизнести өнүктүрүү долбоору" жана шаар мэриясынын колдоосу менен ишке ашкан.