БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Бишкекте үйлөрдү жылытуу үчүн берилген ысык суунун температурасы азайтылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 2-ноябрь күнү Жогорку Кеңеш депутаттары шаар эрте эле жылытыла баштаганын айтып, нааразы болушкан. Атургай депутат Аскарбек Шадиев мунун айынан 50 миң тонна көмүр текке кетти деген оюн айткан.
Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан билдиришкендей, жылуулук берүүнү токтотуп коюу техникалык жактан өтө татаал.
"Жылуулук аргегаттары иштей башташы үчүн андан аба чыгарылып, суу толтурулган. Эми суунун температурасын азайтууга гана аракет кылабыз. Бул боюнча тапшырма болду. Бүгүн же эртең иш башталат”, — деп түшүндүрүштү маалымат кызматтан.
Бишкек шаарында жылуулук 17-октябрдан тарта бериле баштаган.