БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ош шаарына жылуулук 6-ноябрда бериле тургандыгын шаардык мэриядан кабарлашты.
Буйрукка шаар мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгон.
Объектилерге жылуулукту алгач мектеп, бала бакча, оорукана, төрөтканаларга, андан соң турак үйлөр жана жылуулук үчүн карызы жок өнөр жай ишканаларга берүү пландалып жатат.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Ошто бейшемби күнү аба ырайы 25…27 градуска чейин ысышы божомолдонгон.
Ал эми Бишкек шаарында жылуулук 17-октябрда эле берилген.