БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жекшемби күнү Өзбекстан ТИМ жетекчиси Абдулазиз Камиловду кабыл алып, эки тараптуу маселе талкууланды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматына кабарлашты.
Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара алакалары, аларды өнүктүрүү жолдору талкууланган.
Маалыматта тараптар буга чейин болгон эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунан кийин түзүлгөн келишимдин акыбетин сүйлөшкөн. Мындан сырткары транспорт, туризм жана соода-экономикалык тармакта кызматташууга маани берүү белгиленген.