БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
![Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу Ата-Бейит улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103620/29/1036202982_0:65:1600:1071_600x0_80_0_0_88b54f13f33cb87f33b99fe725906849.jpg)
![1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлду 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлду - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103620/29/1036202995_59:0:1600:968_600x0_80_0_0_540fe737676166c6e5cc26b005d3b43d.jpg)
![Андан кийин мамлекет башчысы менен коштогон адамдар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окутушту. Андан кийин мамлекет башчысы менен коштогон адамдар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына барып, куран окутушту. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103620/30/1036203002_93:0:1578:933_600x0_80_0_0_b97828d0806dda4f93f0726732225442.jpg)
1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлду.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнүн алкагында президент Бишкектеги Жеңиш аянтына барып, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана ооруктун эмгекчилеринин элесин эскерип, өчпөс отко гүл койду.
Маалымат кызматы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында облус, район жетекчилеринин катышуусунда өтөрүн кабарлады.