Долбоор 9 жылдык ишмердүүлүгүндө 100гө жакын команданы уясынан учуруп, бүгүнкү күндө 10-сезонуна жеткен убак.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тамашоу" лигасы тууралуу 5 факты сунуштайт.
![Ведущий Эрмек Нурбаев Ведущий Эрмек Нурбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103622/20/1036222032_0:0:5760:3840_600x0_80_0_0_1d8b7c16e2ef69ff80e8d428ea8fbe8c.jpg)
2. Эмнеге "Тамашоу"? Нурбаевдин айтымында, долбоорду ишке киргизүүдө эн чоң колдоочусу, анын таякеси — Кыргызстандын биринчи коргоо министри, генерал-майор Жаныбек Үмөталиев болчу. Нурбаев лиганын атын коюу үчүн таякесине күн сайын 10-15 ашык ой сунуштаганын айтат. Акыры тамаша менен шоуну ширетип, "Тамашоу" деген аталышты алып чыгышкан. Тилекке каршы, таякеси биринчи сезондун жабылышына күбө болуп, эртеси, 30-май күнү, дүйнө салган.
![Юмористическое шоу Тамашоу Юмористическое шоу Тамашоу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103622/20/1036222025_0:0:5760:3840_600x0_80_0_0_31a6fd8bbf430a9f4489e06d143522bd.jpg)
3. Логотибин ким ойлоп тапкан? 2008-жылы жайында "Новый формат" дизайнерлик студиясынын жетекчиси Медер Койлубаев менен биргеликте жөнөкөй быйтыкчага кыргыздын калпагын баса кийгизишкен. Нурбаевдин бул идеясын таякеси Үмөталиев "орус колобогу кыргыз калпагын кийиши — КВНдин кыргызча сүйлөй башташы" деп баалаган.
![Юмористическое шоу Тамашоу Юмористическое шоу Тамашоу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103622/20/1036222039_0:0:5760:3840_600x0_80_0_0_d76e39c7700bd12728e76cb20b4e0e43.jpg)
5. Учурдагы эмгек жамааты. Жалпысынан жети штаттык кызматкер эмгектенет. Оюндарга чукул 15-20 адамдын башы биригет. Президенти, негиздөөчүсү жана алып баруучусу — Эрмек Нурбаев, редактору — Арслан Ибрагимов. Административдик иштерди Замира Жээренчиева аткарат, долбоордун алдыңкы беш сезонунда Нурлан Жаныбеков эмгектенген. Долбоордун фото, видео, монтаж иштерин Азык Абдрахманов алып барат. Администраторлор — Таттыбүбү Садырбекова жана Шамшидин кызы Нургүл.