Өкмөт башчы Сапар Исаков 9-ноябрда эки токтомго кол койду. Биринчи документке ылайык Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлдү. Ал эми экинчи токтомдо жаңы түзүмдүн штаты кеңейе турганы айтылат. Жаңы кызмат тууралуу суроолорго Кайгуул милициясынын башкы башкармалык штабынын жетекчиси Уткир Умаров айтып берди.
Жаңы башкармалык түзүү зарылдыгы эмнеде?
Кандай өзгөрүү күтүлүп жатат?
Жаңы кызматтын максаты — жол кыймылына көз салуу, бул дээрлик Жол кайгуул кызматынын жанданышы деп түшүнүүгө болот. Мындан улам посттордун турган жерлери жана жол кырсыктары көбүрөөк катталган жерлерге карап экипаждын каттамы өзгөрөт.
102 чакырууларына ким жооп берет?
Бул милдет Кайгуул милициясына Жол күзөт кызматы боюнча келгендерге жүктөлөт. Алар ар кандай тартип бузууларга ыкчам аракет көрмөкчү.
Жаңы башкармалыкка кызматкерлер кандай тартип менен алынат?
Алгач Кайгуул милициясында иштеген кызматкерлерден куралат, бирок кийин конкурстук негизде гана алынат.
Жаңы кызматта иштегендердин айлыгы жогорулайбы?
Жок, маяна көлөмү мурункудай эле калат. Мында кызматкерлерди шыктандыруу максатында айып пулдун айрым бөлүгүн сый акыга жумшоо нормасы каралган.