БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бельгиялык риелтор Игнас Мювиссен казак өкмөтүнүн расмий өкүлүнүн Парижден 65 миллион еврого сатып алган батирин көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты
"Мен кыймылсыз мүлк сферасында 20 жылдан бери иштеп келем. Олигархтар менен болгон мамилем абдан жакшы. Алар мага ишенгендиктен бир топ кадыр-барк топтой алдым. Казакстандан бир нече кардарларым болгон. Көбүнчө постсоветтик аймакта жашагандар менен иштешем", — деди Мювиссен.
"Гуглдан издей турган болсоңор мен иштешкен адамдардын тизмесин таба аласыздар. Бирок мен кардарымдын коопсуздугун сыйлам. Бул нерсе анын үй-бүлөсү үчүн маанилүү. Мен өзүм сатып алуучу менен сатуучуну жолугуштургам. Сүйлөшүүлөр эки саатка созулган", — деп белгиледи Мювиссен.
Ал ошондой эле казакстандык сатып алуучу батир менен кошо күзөт кызматкерлери үчүн Mercedes G жана Maybach үлгүсүндөгү унааларды сатып алганын кошумчалады.
"Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар инвестициясын сактоо үчүн каражаттарын ар кайсы жакка жумшап келишет. Париж бул үчүн абдан ыңгайлуу жер", — деп кошумчалады риелтор.
Буга чейин да казак өкмөтүнүн өкүлү Франциянын борборунан батир сатып алганы тууралуу маалыматтар ЖМКларга тараган.