БИШКЕК, 19-ноя — Sputnik. Бишкектеги Asia Mall соода борборунда электр энергиясы өчүп калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp-канал аркылуу кабарлады.
Анын айтымында, бүгүн кечки саат 19.00дөр чамасында соода борбору толугу менен жарыксыз калган. Ал убакта ичинде көп сандагы эл бар болчу.
"Жарык өчкөн маалда мен жаш баламды көтөрүп эскалатордон түшүп бараткам. Эскалатор токтоп калганда артымда келе жаткан жубайым жыгылып түштү. Эч нерсе көрүнбөй капкараңгы болуп калды. Мен телефондун жарыгын күйгүзгөнгө чейин алты жашар балам аны тургузуптур", — деди күбө.
![Бишкектеги Asia Mall соода борборунда электр энергиясы өчүп калды Бишкектеги Asia Mall соода борборунда электр энергиясы өчүп калды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103640/04/1036400472_0:98:1279:903_600x0_80_0_0_22831fbdef2db11aedfe533e19e998ef.jpg)
![Бүгүн кечки саат 17.00дөр чамасында соода борбордун жарыгы толугу менен өчүп калган Бүгүн кечки саат 17.00дөр чамасында соода борбордун жарыгы толугу менен өчүп калган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103640/04/1036400478_0:381:959:984_600x0_80_0_0_de66bcb6b240bae7d515033779f5c1ee.jpg)
![Ал убакта ичинде көп сандагы эл бар болчу. Ал убакта ичинде көп сандагы эл бар болчу. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103640/04/1036400488_0:101:1279:906_600x0_80_0_0_f809a2ad41f78db2b31a6d782106c35d.jpg)
Ошондой эле ал Asia Mall жайгашкан Чыңгыз Айтматов көчөсүндө электр жарыгы өчпөгөнүн кошумчалады.
Ал эми Самат Жумакадыров аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарык өчкөндө балдар аянтчасында ойноп жаткан жаш балдар ата-энесин таба албай ызы-чуу түшүп жатканын жазды.