БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектеги Asia Mall соода борборуна электр энергиясы кайрадан бериле баштады.
Жекшембиде кечки саат 19.00дөр чамасында соода борбордун жарыгы толугу менен өчүп калган. Ал убакта ичинде эл көп болчу. Ал эми балдар аянтчасында ойноп жаткан жаш балдар ата-энесин таба албай ызы-чуу түшүп жатканын соцтармак колдонуучулары жазган.
Asia Mall "Түндүкэлектро” ААКнын балансында эмес, Чүй жогорку чыңалуудагы электр байланыш ишканасынын жеке структурасынын абоненти экени белгилүү болду.
Жарыктын эмне себептен өчкөнү азырынча белгисиз.