БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Республикалык "Бейне-Өнөр" коомдук фондусу жарыялаган жаш таланттар арасындагы сынактын жыйынтыгы 24-ноябрь күнү чыга турганын аталган фонд билдирди.
Маалыматка ылайык, "Өнөр бейнеси" аттуу сынак 2015-жылы негизделип, эки жылдан бери 16 жаштан 30 жашка чейинки таланттар арасында мыктылар тандалып келет.
"Буга чейин сынактын тандоо туру өтүп, 20дан ашуун аспапчы финалга чыккан. Бүгүн конкурстун акыркы бөлүгү Улуттук китепканада өтсө, эртең калыстардын тандоосуна татыган таланттарга КТРКнын концерттик залында сыйлыктар тапшырылат", — деп айтылат маалыматта.
Өнөрпоздор комуз, ооз комуз, чоор, кыл кыяк номинацияларында күч сынашат.
Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.