БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Нарында индустриалдык-соода-логистикалык борборун куруу үчүн 200 гектар жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, борбор премьер-министр Сапар Исаков кол койгон токтомдун негизинде Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына салынат.
Мекеме аймактын өнөр-жай, кайра иштетүү, агроазык-түлүк секторун жана транспорттук-логистикалык инфраструктурасын, айыл чарба жана өнөр-жай товарларын экспорттоону жогорулатуу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында курулат.
Борбор соода, логистикалык жана индустриалдык зоналардан туруп, аны курууга чет элдик инвесторлор тартылат. Анын арты менен 3000дей жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.