БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 26-ноябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Бишкек шаарында 7…9, Ош шаарында 8…10 градус жылуу болот.
Чүй жана Талас өрөөнүндө 5…10 градус жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүн табы 7…12 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө күндүз 4…9 градуска чейин жылыса, Нарын облусунда 1…6 градус жылуу болот.