БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы колдонуучулар бир жылда кандай сүрөттөрдү бөлүшүп, кандай сүрөттөргө көп "лайк" басканын аныктап, алардын жыйынтыгын чыгарды.
Facebook компаниясына таандык болгон Instagram тиркемесин колдонгондордун саны 2017-жылы 800 миллионго жеткен. Бул тууралуу компаниянын тараткан маалыматында айтылат.
Эң көп "лайк" алган он сүрөт ырчы Бейонсеге (2 сүрөт), футболчу Роналдуга (2 сүрөт) жана америкалык дагы бир ырчы Гомеске (6 сүрөт) таандык.
2017-жылы америкалык ырчы Бейонсенин кош бойлуу кезинде түшкөн сүрөтү 11 миллион 184 миң 695 "лайк" алып, тизменин көч башында турат.
Экинчи орунду белгилүү футболчу Кристиану Роналдунун жаңы төрөлгөн баласы жана сүйүктүүсү менен төрөт үйүнөн түшкөн сүрөтү алган. Бул сүрөткө колдонуучулар 11 миллион 33 миң 693 "лайк" басышкан.
Үчүнчү орунга 10 миллион 317 миң 702 "лайк" менен ырчы Селена Гоместин ооруканада түшкөн сүрөтү илинген.
Эң көп киши жазылган баракчалардын алдында ырчы Селена Гомес турат. Анын баракчасына 130 миллиондон ашык колдонуучу жазылган. 116 миллиондон ашык кишиси менен экинчи орунду Криштиану Роналду ээледи. Америкалык ырчы, актриса жана модель Адриана Гранде үчүнчү орунда турат. Анын баракчасын 115 миллиондон ашык киши жактырган.
Алдыңкы ондукта Бейонсе, Ким Кардашьян, Тэйлор Свифт, Кайли Женнер, Дуэйн Жонсон, Жастин Бибер жана Кендалл Женнер бар.