БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбор калаага жаңы жылдык башкы балаты 5-декабрда орнотулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Балаты салтка айлангандай "Ала-Тоо" аянтына орнотулмакчы.
"Жаңы жылдын башкы белгисин орнотуу иштери болжол менен саат 11.00дөрдө башталат, андан соң жасалгаланат. Бак Кытайда жасалган. Бийиктиги — 25 метр", — деди Каракеева.
Балатынын каркасы бир жарым миң жасалма бутак жана 60 миңдей диод лампалары менен кооздолот.