00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:11
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

УКМК: Чубак ажыны коргоого жасалган чакырыктарга көз салынууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Государственного Комитета Национальной Безопасности
Здание Государственного Комитета Национальной Безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чубак ажы Жалилов 4-декабрда экинчи ирет милицияга чакырылган

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алышы боюнча милицияга чакырылгандан кийин Whatsapp тайпаларда белгисиз адамдар тарабынан "милициялар аны кыйнап жатыптыр, 6-декабрда аалымды колдоо үчүн Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгабыз" деген билдирүүүлөр тарап жатат.

Анда чоң митинг өтөрү, анын башкы урааны "Чубак ажыдан колуңарды тарткыла" болору айтылууда. Тексттин авторлору дин аалымын Бишкек милициясы 15 саат кармап, керек болсо суу да бербегенин жазып чыгышты. Андан тышкары, тартип сакчылары Жалиловду "экинчи аял алган жокмун" деп күчтөп жаздырып алышканын келтиришет.

Нике кыйууга даярданып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токол алганы үчүн жазасын өтөп бүткөн эркек кайда барат. Юристтин түшүндүрмөсү
Белгилей кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралган. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси "мыйзамды аттап өттү" деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрыларын билдиришкен. Бул боюнча Бишкек ШИИБ 2-декабрда аалымды чакырып аңгемелешүү өткөргөн

Бирок Чубак ажынын өз атын атагысы келбеген жардамчысы бул маалыматтарды четке кагып, эч кандай митинг уюштуруу пландалбаганын айтты. Интернетте дин аалымынын жардамчысыбыз дегендер кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырган билдирүүлөрдү таратып жатышат. Алар Жалиловго күч органдары тарабынан ыдык көрсөтүлгөн деген маалыматты четке кагып, экс-муфтий ар дайым митингдерге каршы болуп келгенин жазышууда.

Ал арада бул маселе УКМК тарабынан көзөмөлдөнүп жатканын ведомствонун маалымат катчысы Рахат Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Биз бул маселеге көз салып турабыз. Эгерде мыйзамга каршы келчү чакырыктар ташталса, алар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат", — деди Сулайманов.

Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы Чубак ажы Жалилов кечээ, 4-декабрда экинчи ирет милицияга чакырылганын маалымдады. Анда ал саат 14.00дө келип бир саатка чукул аңгемелешүүдөн кийин кайра коё берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0