00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
14:50
8 мин
14:58
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
06:58
2 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан улуттук инвестициялык фонд түзмөй болду. Эмне ши аткарат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Иногда не хватает нескольких баллов – почему престижно поступать на Медфак КРСУ?
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Россиялык режиссер кыргыздын Король Лирин жаратты. Король Лир спектакли тууралуу маек
19:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
20:06
37 мин
Ачык кеп
Мал базарлар, мал соючу жайлардын абалы кандай?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызым, кызыл тузум!.. Ата менен кыз баланын ортосундагы 7 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековФестиваль кочевников в ущелье Чункурчак
Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли кызга ар дайым сый мамиле жасап, тамактын таттуусун оозуна кармап, орундун сыйлуусун камдап өзгөчө аздектеген. Атасы сыртына чыгарбаса да ичинен эзилип, элжиреп жакшы көргөн. Кыздар да атасына бөтөнчө сый-урмат, мээрим, ишеним менен мамиле жасап, жакын өскөн.

Элдик салт боюнча кыз бала менен атасынын ортосундагы сый-урмат, тарбияны сактап туруу үчүн атайын тыюулар болгон. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Динара Молдокулова айтып берди.

Атасы кызын эзилип жакшы көрбөйт. Ата назары кыздын келечегине таасир этип калышы мүмкүн. Эл арасында атасынын назары, мээрими өткөн кыз бактысыз болуп калат деген ишеним айтылып жүрөт.

Ымыркайдын көтөнүнөн өппөйт. Бул да кыздын кийинки турмушуна таасир этип калышы мүмкүн. Ошондой эле наристенин таманын искеген да туура эмес деп айтылат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчмөндөр фестивалы
Фестиваль кочевников Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр фестивалы

Атасы кызын катуу урушпайт, сөкпөйт. Атанын ачуу сөзү кызынын жүрөгүн катуу жаралап коюшу мүмкүн. Кокус катачылык кетирип алса, ага жеңеси же энеси жооптуу болгон. Демек үй ээси кызын эмес, жубайын жазалаган.

Кол көтөрбөйт, теппейт. Кызга ата гана эмес, бир тууган ага-иниси да кол көтөрбөш керек. Кызын уруп-сабаган атанын эзели иши оңолбойт деп коюшкан.

Төө минип турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уулга карата 8 "болбойт". Атасынын көзүнчө эмне кылбаш керек
Атасы менен кызы эзилип сырдашчу эмес. Кыздын сырын алгач жеңеси, андан соң энеси билип атасына көпчүлүк учурда айтылган эмес. Турмушка чыгаарда да атасына кесе айтылбай, апасы, жеңелери аркылуу маалымдалган.

Кыз атасынын көзүнчө күзгүгө каранып, боенуп-таранбайт. Бул салттык жүрүм-турумга туура келбейт.

Атасынын көзүнчө жигит жандабайт. Ал тургай ага-инисинин көзүнчө жигит жандоо кыргыз кыздары үчүн уят деп саналган. Мурдагы мезгилдерде жигит жандоо, аны менен сүйлөшүү жеңенин жардамы менен болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0