00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
18:51
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Новости науки и новых технологий
08:58
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Как подойти кыргызским школьникам к выбору ВУЗа в России?
12:08
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Чакан жана орто бизнеске пайызсыз насыя берүү программасы натыйжа бердиби?
13:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Конгресс аналитиков: новые исследования и проекты для будущего Евразии
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечектин каржысы. Кытай санарип акчаны кантип ишке ашырды?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
День пожилого человека: какого внимания хочется людям «серебряного возраста» в КР
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как без проблем унаследовать приватизированную квартиру — советы юриста
20:06
48 мин
Ачык кеп
Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мушкер "Алгыр" Жумабеков Украинада өтчү беттеште күч сынашат

© Sputnik / Жоомарт УраимовБоец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу
Боец смешанных единоборств Актилек Жумабек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчунун беттеши 14-декабрь күнү Украинада өтөт

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Актилек Жумабек уулу WWFC (World Warriors Fighting Championship) спорттук уюмунун турниринде күч сынашат. Бул тууралуу спортчу өзү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, беттеш 14-декабрь күнү Украинада өтөт. Атаандашы жергиликтүү спортчу Максим Ванилстрейт экендиги белгилүү болду.

"Алгыр" каймана аты менен таанымал мушкер жакында эле WEF спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

"WEF Global 10 турнирине даярдануу учурунда 17 килограммга чейин салмак кууганга туура келген. Бул жолу ошол форманы сактап, физикалык даярдыкты көбөйтүп жатам. Көп убакыттан бери спорт сүйүүчүлөр "качан Кыргызстандан сырткары беттешке чыгасың" деп сурап калышат. Сырт жактагы спорттук уюмдарда тааныш-билишиң жок болсо беттештерге чыгып ат салышуу кыйын. Украинадан жеңиш алып келериме ишенем," — деди спортчу.

Актилек Жумабек уулу ММА боюнча КРдин беш жолку, NAGA грэпплинг боюнча дүйнө чемпиону.

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү боюнча тогуз жолу профессионалдуу беттеште утуп, алты жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0