БИШКЕК, 11- дек. — Sputnik. Манхэттендин борборундагы автобекеттин жанындагы станцияда жарылуу болгондугун РИА Новости Нью-Йорктун полициясына шилтеме кылып билдирди.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, колго жасалган бомбаны автобус терминалынын жанынан жардырышкан. Жергиликтүү WABC телеканалы бир канча адамдын жарадар болгондугун кабарлады. Ал эми полиция бир кишинин жаракат алгандыгын айтып, өрт өчүрүүчүлөр анын эркек киши экендигин тастыктады.
New York police respond to reports of explosion at bus terminal in Manhattan #NewYork #NYC #USA pic.twitter.com/3SUQvKXXpS
— Darren Oatway (@DarrenOatway) 11 декабря 2017 г.
CNN тиешелүү кызматтар ал жерден дагы эки бомба табылгандыгын кабарлады.
"Бул боюнча бир адам кармалды. Ал эми жардырууну ким жасагандыгы азырынча белгисиз", — деп айтылат маалыматта.
🚨#ÚLTIMAHORA La policía investiga una explosión en #NuevaYork en una terminal de autobús de Manhattan, cerca de Times Square #NewYork pic.twitter.com/PU71RrwFOq
— Puebla On Line (@Pueblaonline) 11 декабря 2017 г.
Жардыруу болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатат. Ал эми коопсуздукту сактоо үчүн метронун дагы үч тармагында эвакуация иштери жүрүүдө.
"A possible pipe bomb detonated in a passageway below ground at Port Authority." — @GioBenitez on the scene in New York City: https://t.co/TY0EO39odK pic.twitter.com/mEsCfej4ja
— Good Morning America (@GMA) 11 декабря 2017 г.
Маалыматта жарылуу туурасында АКШнын президенти Дональд Трампка маалымдалганы айтылган.