БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү "Витязь" пансионатынан чыккан өрт өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бүгүн түшкү саат 14.15те Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы "Витязь" пансионатынын корпусу күйүп жатканы туурасында ӨКМге маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө өрт-куткаруу бөлүмүнүн үч бригадасы тартылган. Тилсиз жоонун жалыны саат 16.15де чектөөгө алынып, бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.