БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Көк бөрү федерациясы 2012-жылдан 2017-жылга чейинки беш жыл аралыгында эң көп упай топтогон он команданы атады.
![Беш жылдын жыйынтыгы менен көк бөрү боюнча эң мыкты 10 команда аныкталды Беш жылдын жыйынтыгы менен көк бөрү боюнча эң мыкты 10 команда аныкталды - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104856/22/1048562277_0:0:640:407_600x0_80_0_0_d177f259abcde3313804cdee896a349e.png)
Ага ылайык, биринчи орунду 9600 упай менен "Ынтымак" командасы ээледи. Экинчи орунга 6265 упай топтогон "Бөрүлү" чыккан. Үчүнчү орунду 5025 упай менен "Достук" командасы ээлеген.
Андан кийинки командалардын көрсөткүчү төмөндөгүдөй:
4-орун — "Биримдик", 3865 упай
5-орун — "Мурас", 1670 упай
6-орун — "Арашан", 1570
7-орун — "Көк-Жал", 1200
8-орун — "Ысык-Көл" менен "Датка" командалары 550 упайдан
9-орун — "Оро", 400 упай
10-орун — "Төш-Булак", 340 упай
11-орун — "Аафият", 195 упай
12-орун — "Илбирс", 120 упай
Белгилей кетсек, декабрь айынын башында көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.