Видеого сатуу бөлүмүндө иштеген кыздардын тизелеп туруп алып ишкана ээси токтотмоюнча бири-бирин жаакка чаап жатканы түшүп калган.
The Sun басылмасынын жазганына караганда, сатуучу кыздар жылдык планды аткарбаганы үчүн ушундайча жазаланган. Nanchang Jinhuayuan Meiye компаниясынын жетекчиси ишкананын 14 жылдык мааракесинде аталган бөлүмдүн жумушчуларын жүздөгөн кишинин алдында жазалаган.
Мындай кадамдар жумушчу ордун сактап калууга жасалган далалат катары баалана турганы айтылып келет.